среда, 22 июля 2015 г.

"Саякат" Märchen Kapitel 1

    Биздин укмуштуу саякатыбыз
Саат тунку он экиден отуз уч мунот отту. Жайдын алгачкы айы. Кундуз кечке ысый тушкон абаа, бул убакта жагымдуу салкын. Эшик жымжырт боло тушуп, анда санда кана откон машиналардын уну кана угулат. Эмнегедир ушундай убакта ойлонгон жана иштеген абдан жакшы. Мына ушул туну дагы терезени ачып алып, таза абадан дем алып, ойлонуп, сени менен чоон, кызыктуу жана укмуштуу саякатка чыгууну чечтим. Саякатыбыз убакыт аралап, ойдун "Фантазиянын" аралап, жомок аралап, дуйно жузун жана болгон ааламды араласын деп чечтим.
       Кел, карма колумду! Мени карап бир жагымдуу жылмайындуу тартулап кой, мен жооп катары озумдун журогумдон чыккан жылмайымдуу тартуулап, акырын назик чекенен ооп, саякатыбызды баштайлы. "узун жол бир кадамдан башталат " дегендей ушул турган жерибиздин абаасынан опко толтура дем алып алып, биринчи кадамыбызды таштайлы. Мына ошентип кол кармашып алып, кундун нурундай жаркыраган жылмайуубузду элге тартуулап, жолду бойлой экообуз жонодук. Мына ушинтип жолдо бара жатып, экообуз алмак салмак бири бирибизге Гид болууну чечтик. Эн биринчи саякатка мен Гид болууну чечтим. Анда эмесе убакытка саякат алалы.
      19 кылым. Кыргызтан.  Ак Сай, Жайлоо, ажайып кооз. Абааны тазалыгы чиркин, Адам баласы бул жерден баспаса деле керек, себеп кол тийилбеген жаратылыш. Мына ушул жаратылы кооз тоонун этегин аралап, ак койнок кийген, башында озуно абдан жарашкан шокулосу бар, чачын оруп алып аттын устундо жай бастырып сен. Жанында ак калпак кийип, Кыргыз оймосу тушурулгон чепкенди жамынып, колума камчыны кармап, онду солду коргозуп, аттын устундо мен. Ылдый жагыбызда шаркыраган сайдын жагымдуу жана эс алдырган уну. Тоо гулдорунун буркураган жыты, чымчыктардын сайрашы, кадимкидей биздин суйлошуп келе жаткан созубузго аралашып кеткендей болуп келе жаттык. Кокустан комуздун кайглуу куусу чыгып калды. Кууну издей аттыбыздын башын буруп жоноп калдык. Коп узабай, эскирген боз уйго туш келдик. Аттын дабышын уккангабы айтоор куу токтоп, коп отпой керегени сыйпалай карып калган абышка чыга келди. Ал абышка сокур экени короор замат байкалды.
 - Саламатсызбы Ата? деп экообуз учураша кеттик.
 - Салматчылык Саламатчылык, Келгилие айланайындар! "Жоо келсе кылыс даяр, жолоочу келсе кымыз даяр" дегендей. Келгиле атынарды тушап, кирип кымыздан ичкиле, Ата тегинерди айтып кеп сала кеткиле.
 - Рахмат Ата. деп аттарды тушап боз уйдун ичине кирдик.
 - Комуздун муукамдуу унун угуп аттын башын буруп келип калдык. деп соз баштадым.
 - Ааа балам коз корбойт, комузум менин жалгыз эрмегим.
 - Жалгыз турасызбы?
 - Жок, кемпирим кошунага, ылдыйкы этеке бастыды эле, ананыраак келип калат. деп Ак сакал колун алдыга сунуп чаначты коздой басты. Ангыча болбой сен айтып калдым
 - Ата отура бериниз мен озум эле куя калам кымызды. деп
 - Оо рахмат кызым чын журоктон. Атанар болгон жашын ушул боз уйдо откорду, менден кыйын бул боз уйдун ичин эч ким билбейт. деп жылмайып заматта чаначка жетип, бир бурчтан тыкан жыйналган жыгач чыныдан учту алып биздин жаныбызга отуруп, Кымызды куйуп кирди. Бизди тан калтырып кымызды чыныдан ашырбай, аз дагы эмес, даана чынын чекесине чейин куйуп мени коздой сунуп калды. Экообуз бири бирибизди карап, козубузду алайтып тан калып отуруп калдык. Куйуп бутуп, озунун кымызынан ооз тийип.
 - Ии эмне унчукпай калдынар? Сокур Ата кымызды тогуп алат деп ойлодунарбы ? деп жылмайып жагымдуу кулуп калды, аны коштоп биз дагы кулуп калдык.
 - Ии анда эмеси. Суйлогуло. Каяактан каяка сапар алып бара жатасынар?
 - Биз Ата, убакытта саякат кылып журдук эле. Биринчи саякатыбыз, ошон учун ушул ажаяып кооз туулган жерден баштайлы деп чечип келе жаттык эле. Анан сиздин комузунуздун куусун угуп калып, кайрылган кербезибиз эле.
 - Ааа балдарым. Ал куу менин бир арманымдын кусу, ошол куу аркылуу ушул жараткан дуйноого арманымды айтып, жана чертип келем
 - Ата эгер каршы болбосонуз айтып бербейсизби? деп сурап калдын.
 - Эми Айтып берсе айтып берейин балдарым. "карынын созун капка сал" дегендей. Кичине болсо дагы алдыдагы жашоонорго жардам берер деген ойдомун. деп кымыздан бир ууртап, окуясын баштады
 - Мен торолгондоле сокур болуп торолгом. ой жугуртуу сезим башталчуу жашка келгенде. аа дуйно ушундай карангы турбайбы деген ойго келдим. Ошентип бутума туруп басып, чуркап калганда. ар кайсыл буюмга туш болуп аларды кармагылап. кандай экенин элестетип, жашоо абдан кызык боло баштады. Андан коп отпой тил чыгып, сагызгандай сайрап, апамдын жомогун жанталашып угуп журуп, дуйно жузундо туз "цвет" бар экенин билдим. Атам "кара ат" "кызыл уй" "ак кой" дегенде абдан кызыгаар элем кандай болду экен кара, кызыл, сары, ак, кок. Айрыкча кызыкканым кундун кулагы (Радуга) болоор эле. Апам аа кундун кулагы чыгып калган десе "апа касыл тусто экен?" деген суроомо, апам "кызыл, жашыл, кок, сары," деп айткандан кийин, ии чиркин канча кана уйкусуз тундор отту. Ары которулуп элестетип, бери которулуп элестетип эх чиркин десен. Мына ошондо сокур козум корбоз экенин накта сездим. Ошентип бара бара менде, озумдун тусторум пайда болду. бирок баардык тус мен учун карангы эле. Мына куунун мазмууну ушул. Атам белек кылган комуз аркылуу, куу аркылуу. "Ушул ажайып кооз коздун жоосун алган жайлоонун кооздугун коро албаганыма, Ачык асманды, аппапакай буллуттарды, шаркыраган тунук сууну, ар тустуу жан жаныбарды, жана ар бир нерсенин кандай корунушун, ар бир адамдын жузун, аял затынын сулуулугун, тандын атышын, кундун батышын, айдын толушун, тунку жылдыздарга суктана албаганым, жана башка толтура нерселерди коро албаганым. мына ушундан улам колум менин козум болуп, куу аркылуу тус элестетип келем балдарым. деп окуясын бутуруп кымызынан жутуп, бизди тыншап калды. Биз окуя буткондон кийин дагы бир канча убакытка чейин дем албай Абышканы тиктеп отуруп калдык. Кадимкидей дем албаганга тегерегибизде болуп жаткан ундордун баары даана угулуп турду. Козубуз ачык болсо дагы коз жуумп аттын чопту жерден жулуп жеп атканы, алыста сайдагы суунун таштан ташка тийип шаркырап агышы, чегирткенин уну, чымчыктын сайрашы, жада калса сыдырым желден бери угулуп жатты. Эсибизге келе тушуп, дем алып,бири бирибизди карап. Ангыча Абышка
 - Ай келгиле балдарым ичкиле кымыздан. Силерда мендей жашка келесинер. Анан силердагы озунордун окуянарды жана акыл насаатынарды айтасынар кийинки муунга. Эми окуянын айтканым себеби жана мазмууну. "атын барда жер тааны, атан барда эл тааны" демекчи. Копту корсун, коп кайгырбай шандуу жашап, ар кайсыл кызыктуу, кооз нерсени коргонго деле ушул жашоого коруп келгенге суйунуп бактылуу жашасанар деген кеп. А саякатка чыкканынар бул абдан мыкты. деп сакалын кымыздан кийин суртуп. Кичине ойлонуп кайра созун улантты.
 - Менде бир сураныч бар балдарым.
 - Ии айтыныз ата, эмне сураныч болсо дагы аткарабыз. деп чырылдай туштук.
 - Эми саякатты менден жана ушул жерден баштап атыптырсынар. Саякатынар аяактаганда мага келип токпой чачпай айтып берсенер, мен дуйноо жузундо ээн бактылуу адам болоор элем жана мир мертебе ыраазы болоор элем. Уруксаат берсенер, балдарым силердин козунор менен дуйноо жузун, жаштыкты, сулуулукту, жакшылыкты, жамандыкты, кооздукту, чырайсызды, карангыны, жарыкты, асманды, жылдызды, ааламды корсомбу, коруп анан олсомбу деген сураныч. Деп алдыда кутуп турган эн кызыктуу окуяга суйунуп козунон суйунуч жаш томолоно тушту.
 - Ата сизди алдыда дуйно жузундогу ээн кызыктуу окуя кутуп турат десек жанылбайбыз. дуйно жузун кыдырып Чоон саякатыбызды аякатап келип, болгонун токпой чачпай айтып беребиз. биздин козубуздун сизге тартуулап Ээн кооз укмушту саякатка барып келебиз. Антыбызды беребиз. деп кымыздан ичип, боз уйдон тышка чыктык. Ангыча  кемпири кеоип аттан тушуп озунун балдарындай, беттен ооп учурашып, ал ахывалды сурап анан экоо жерге отура кетип.
 - Оо кудай жаштын тилегин берип, ойлогон ой максаттарына жеткирип, айдан аман жылдан эсен чыгарып. Деп. Саякатынарга ийгилик, Жолунар шыдыр, жолдошунар кыдыр болсун  ооомин. Деп  батасын берип кол булгалап узатып калышты. А биз болсо сапарыбызды улантып. Чоон саякатыбызды баштадык.

(с) Skif

Комментариев нет:

Отправить комментарий