Бул окуя, качанкы бир заманда.
Тенир Тоонун ары жагында,
жаратылышы коздун жоосун алган,
гулдору жыпар жытту, жан эргиткен.
Шаркыраган суусу тунук,
ичсен жан сергиткен.
Абанын тазалыгы,
дем алсан жыргатып
асманга жеткирген.
Булбулу сайраса
кулакты жыргатып,
уккан адам булбул менен
жарыша ырдагысы келген.
Ушундай ажайып бейиштей кооздукта „Ак Сай“ атту жайлоо жайгашкан экен. Так ушул „Ак Сай“ жайлоосунда торолгон, Чебер атту бала жашаптыр. Достору менен ат чаптырып, чукоо атып, ээн талаада тан аткандан, кун батканга чейин черлери жазылгыча ойноп балалык чагын откозот.
Энеси мээримдуу. Кунуно алты жолу бетинен ооп, жылмайса кундун нурундай, жылуулугун жана суйуусун чачкан, балам дегенде жанын берууго даяр, баласына чан жугузбаган Периште болот. Атасы акылдуу, кундо алты жолу баласынын башынан сылап, эртен менен онор уйротуп, кечкисин акыл насаат айткан уй булоом дегенде жанын берген адам болот. Ошентип кечинде атасы черткен укмуштай комуздун, Апасы ырдаган булбулдай унуно мемиреп уйкуга батып. Тан эртеси энесинин жыты мурунду жарган даамду тамагынын жытынан ойгонуп журуп чонойот. Чебер менен чогуу жургон курбулары дагы убакыт сызып чоноюп жигит болушат. Ошентип бир куну илгертен бери оскон, жайлоонун ылдый жагында жайгашкан, ар кимиси озуно бакыт болчу алма алганы, Алма бакка сапар алышат. Ата Энеси узатып жатып баласына акыл айтат „Таап алсан кызыл алма. Жоготпостон бекем карма“ деп. Ата Энесинин акыл насаатына рахмат айтып жоноп калат. Ал эми алма бакта алманын туру коп эле. Ажайып коздун жоосун алган чоон кыпкызыл алма. Чала бышкан, жарымы жашыл жырымы кызыл алма. Жаш, али быша элек жашыл алма, жада калса кичине курт жеген дагы алма болот. Коп отпой алма бакка жакындап калган балдардын карааны корунот. Ар кимиси ар кайсыл аралыкта, алдыга озуп биринчи дозу, анын аркасынан экинчиси, учунчусу, тортунчусу, бешинчиси ал эми ээн эле артта Чебер келе жаткан болот. Чебердин эн артта калганынын себеби, коп ойлонгон бала эле. Жаратылыштын кооздугуна суктанып, ары карап бери карап, ичинен озуно суроо берип, ал суроого жооп сурап, ойлору булут аралап учуп, асманга сызып, калкып кайра жерди коздой тушуп, тоого кирип, суудан чыгып аткан эле. эн башкысы алма жонундо ойлонбой ою жер таппай учуп жургон учун артта калган болот. Ошентип Чебердин достору алма бакка жетип ар кимиси озунун бакыт алмасын тапкан болот. Накта кызыктуусу Алма бактагы эн мыкты алмага биринчи келген ээ болбой ортончу келген ээ болот. Мына ошентип алма ар бирине тийет. Бирооно кызыл алма, дагы бирооно чала бышкан алма, дагы бирооно быша элек али жышл турган алма. Ал эми Чебер алма бакка жетип келип, озуно татыктуу же туура айтканда Чеберди кызыктырган алма жок болуп чыгат. Мына ошондо Тилек ойлорун кулук кара кунандай бош коюну жана коро элек жайлоолорду коруп, оюнун эркин учушуна мумкунчулук берууну чечет. Алма бактын тубунон достору менен коштошуп, тоонун аркы бетиндеги жайлоого сапар алат. Чындыгында мурун буга чейин корбогон жайлоолор абдан кызык болуп чыгат. Чебердин ою мынчалык чон мейкиндикте жана кээ бирде кысылган мейкиндикте да болуп коргон эмес болот. Ал эми буга чейин жолукпаган кузуктуу жана кызыксыз жерледи, кооз жана кара тундой нерселерди да корот. Кулагы укканды жана мурун укпагандарды кезиктирет. Элдин турун коруп, Чебердин оюн суктандырган жана жек кордургон дагы адамдарга дагы жолугат. Ошентип жайлоодон жайлоо алмаштырып, ою тойбой андан ары сапар тартат. Ушинтип ою менен ойноп келе атып, кун батып калган маалда батыш тараптан алма бакты коруп калат. Колун чекесине алып келип, кундон тозумуш болуп Алма бакка тикирейип коз салып калат. Козуно кызыл алма корунот. Ал алма жалгыз илинип тургандай сезилет. Шашпай алма бакты коздой бет алат. Эки жакты карап келе жатып алма бактын тубуно жетип калат. Байкоосуздан алма бактан так колуна кызыл алма кулап тушот, байкоосуздан кызыл алмага чочуп да кетет. Алманын кызылдыгы тимеле коздун жоосун алат, убактысы келип аябай сонун бышкан, кадимкидей башкалардан коруп эч бир жанга коргозбой жалбырактын арасында оскондой, эч ким буга чейин кармап эмес чыпалагын тийгизип корбогондой. Чебер кызыгып кызыл алманы мурдуна жакын алып келип кериле жыттайт. Жытынын буркураганын айтпа. Омуру Чебер мындай укмуштай сонун жыт жыттап корбогон эле. Бул жытты энесинин жытындай эле, жыттаганда жада калса жини ашып ташып турган кишинин кабагы жазылып жылмаю пайда кылчуу жыт эле. Бейиш ушундай жыттанса керек дегенда ой кетти Чеберге. Жада калса кызыл алма Чебердин жактыргансып, жыпар жытын болушунча буркураткандай сезилди. Бирок колунда турган кызыл алма алыстан коргон алма эмес эле. Коп убакыт отпой экоо бири бирин тааныштырууга киришти. Чебер токпой чачпай айта баштады, ажайып жаратылышы кооз жерде торолуп, балачагын откоргондугун. Кантип алтындай Ата Энеси бапестеп бакканын, кантип ойноп достору менен чонойгодугун жана кантип бул жерге келип калгандыгын, иши кылып болгонун болгондой айтып берет. Чеберди угуп бутуп Кызыл алма озун таануштырууга отот. Кантип алма бактын жалбырактары кунго жылытып, болок коздордон катып чонойгондурушканын, алма бак тамырлары, абадан жана суудан кем калтырбай болушуп бакканын. Ошентип бышып, жашы жетип, алма бактан ылдый кулап Чебердин колуна тушуп калгандыгы жонундо. Кызыл алманы кунт коюп угуп бутуп, Чебер эмне болуп бул бакка келгенин айтууну туура чечет. Ичниенен ойлоно да кетти туура болоор деп. Эмнеси болсода айтайын деп баштады. „Билесинби кызыл алма? Менин бул бакка келип калганымдын себебин? Мен алыстан ушул алма бактын эн чокусунда илинип турган кызгылт алманы коруп ошону алсамбы деген максат менен багыт алгам. Бул жерге“. Деп айтып бутору менен , колунда кармап турган алма жок жерден жылмайышып, ылдый карай кулап тушот. Жерге тийип тоголонуп барып, сайдагы асмандай тунук сууга тушуп кетет. Сайдагы туптунук суу омур бою кызыл алманы кутуп тургансып, озунун агымы менен зуулдап алып жонойт. Чебер шаркыраган сайдын суусуна кызыл алманын аркасынан жетишпей калат. Конулу чогулгон бойдон алма бактын тубуно келип, алыстан коргон алмага коз салууну чечет. Алма, бактын чокусунда илинип турган болот. Коруп тан калат. Алыста кызгылт корунгон алма али жаш жап жашыл алма болот. А себеби батыштан батып бараткан кундун кызыл нуруна чагылышып кызгылт болуп, Чебердин козуно корунгон болот. Ошондо кана Чебер жашоосундагы ээн сонун алманы колунан кое бергенин сезет. Мына ошентип алма бактын чокусунда турган али жаш жапжашыл алманы узбоону чечет. Чебер ичинен „Жашыл алма сен дагы чонойосун, кызарып, коздун жоосун алган, жашын жетип мыкты бышкан алма болосун. Мына ошондо сенин бактына дагы бир бактылуу адам жолугат“ деп ичинен жашыл алмага калоо тилеп, жолун кун батыш тарапты коздой улантат. Конулу чогунку болуп, Апасынын айткан созун эсине тушурот.
„Таап алсан кызыл алма.
Жоготпостон бекем карма
Бакыт болоор кубандырып
Кыпкызыл жалгыз сага“
Мына ошентип, алыстагы, бактын чокусундагы алмага умтулам деп, колундагы кереметтуу алмадан ажырап. Сапарын андан ары улантып. Батып бара жаткан кун менен, жай баракат Чебер дагы бирге батып, куугумго аралашып кун менен бирге жок болот.
(с) Скиф
Комментариев нет:
Отправить комментарий